Бишкекжылуулуктармагында мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын өттү
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 декабря 2023

2023-жылдын 19-декабрында “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалында мамлекеттик тилдин абалы боюнча атайын жыйын болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К.О.Осмоналиев, кызматкерлери - К.Жакыбалиев, Э.Абдымомунова жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарларынын катышуусу менен жыйын болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалынын директору У.К. Раимбеков сөз сүйлөп, мекемедеги мамлекеттик тилдин абалы боюнча маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында аталган мекемеде мамлекеттик тилдин денгээли боюнча баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды.
Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин негизинде төмөндөгүдөй кайрылуу (резолюция) кабыл алынды:
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылуу;
- КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы №864-V11 токтомунун тиешелүү пункттарынын аткарылышын камсыз кылуу;
- 2023-жылдын ичинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча маселени коллегияда кароо;
-Тил адисинин жана котормочунун иш милдеттерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык статусун көтөрүү;
- мекеменин жана анын филиалдарынын веб-сайттарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыздоо (Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесинин талаптарын аткаруу максатында);
-мекемеде жана анын филиалдарында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшү боюнча атайын чараларды уюштуруу;
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун талаптарын аткаруу, тактап айтканда, мекеменин кызматкерлерин “Кыргызтест” системасынан толук өткөрүү жана сертификаты бар кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу.

 

 

 

 

 

 

 

Поделиться материалом